Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 12.08.2015 14:07

Айыл турмушу: Талас районунун багбаны быйыл алмага болгон суроо-талаптын көптүгүнө кубанууда (фото)

Turmush -  Талас районундагы Кырк-Казык айылынын тургуну Музуратбек Бейшебаев алма бак өстүрүп, андан тапкан каражат менен күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, анын багы мындан 45 жыл мурун тигилген. Биринчи түшүм берген жылдан тартып алма жакшы мөмө байлап келе жатат.

«Бакта алманын жазгы жана кышкы түрлөрү бар. Албетте, өз убагында сугарып, куураган алмалардын ордуна жаңыларын отургузуп турабыз. Мындан сырткары, кардардын талабына жараша жаңы сорттогу алмалар менен толуктап, зыяндуу курт кумурскалардын пайда болуусунун алдын алып, кам көрүү керек», - деди багбан.

Болгон убакыт, күчүн сарптап карагандыктан түшүмдү жакшы аларын айткан М.Бейшебаев: «Кардарлардын алмага болгон суроо-талабы быйыл өткөн жылга салыштырмалуу көп болору байкалууда», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×