Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 12.08.2015 11:15

Айыл турмушу: Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну чипсы жасап, күнүнө 2000 сом пайда табат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну Адинай Бакытбек кызы чипсы жасап сатып, күнүнө 2000 сом пайда табат. Бул ишти баштаганына 3 ай болуп шаардын сегиз жеринде чипсы сатуучу жерлерди ачкан. Келечекте бул ишин чоң бизнеске айландырары тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Чипсы жасаганды Бишкектен үйрөнгөм, Ошто жасап сата баштаганыма эки айдан өттү. Жакшы сатылып жатат, ошондуктан шаардын 7-8 жеринде чипсы сатуучу жерлерди ачтык. Картошкаларды атайы формасына карап тандап алабыз, жылуу сууга жууган соң, аппаратына салып кыркып, майга кууруйбуз. Ар бирин 30 сомдон сатабыз, күнүнө 2000 сомдон пайда табабыз. Келечекте ишимди өнүктүрүп, чоң бизнеске айландырсам деген максаттарым бар», - дейт А.Бакытбек кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×