Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 12.08.2015 10:37

Айыл турмушу: Бакай-Ата районунун тургуну А.Жанчаров «Учар» аттуу тайганын бир торпоктун баасына сатып алган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын жашоочусу Аликбек Жанчаров көп жылдан бери тайган таптап, сынактарга катышып келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Жанчаровдун айтымында, ал тайган таптоону таятасынан үйрөнгөн.

«Кичинекей кезимде таятам тайгандарды таптап, түлкү, коёнго салдырганда мени ээрчитип алчу. Ошентип, менин да тайган топтоого болгон кызыгуум күчөгөн», - дейт ал.

«Мен «Учар» аттуу таза кандуу тайганды бир торпоктун баасына сатып алгам. Бишкек шаарындагы аңчылар союзуна барып катталып, документтерди алууда мени чет мамлекеттен ит изилдөөчүлөр келип, уюштура турган сынакка катышууга чакырышты. Көп өтпөй сынакка расмий чакыруу алдым. Ошентип, сынактан биринчи орунга ээ болдук. Айылга келгенде тилекке каршы «Учарды» уурдап кетишти. Издебеген жерим калган жок. Ошол бойдон табылбай калды. Азыр бир күчүк тайганым бар», - дейт А.Жанчаров.

Мындай тышкары, ал кыяк чертип, элдик ырларды ырдайт.

«Кээде зериккенде суунун жээгине кыягымды алып барып, тайганымды жаныма отургузуп, элдик ырларды ырдаганда эс алам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×