Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.08.2015 17:25

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Светлое Поляна айылынын тургуну Асанкадыр ата 6 жылдан бери жайлоодо жашылча-жемиш өстүрөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлое Поляна айыл аймагына караштуу Кара-Күңгөй жайлоосунун «Асанкадыр конушунда» Асанкадыр Тагайбаев жашылчанын түрүн өстүрөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирет.

Бул конуш мурда «Аткулак» деп аталса, 2 жыл мурда ага эл тарабынан Асанкадыр атанын аты берилген. Айылдан 15-20 чакырым алыстыкта жайгашкан жайлоого аксакал тал-терек тигип, гүлдүн түрнү, картошка, редька, сарымсак, малина, карагат, кулпунай, карагай. арча, сирень тиккен.

4 чарчы метр келген кичине үйдө DVDси менен сыналгы бар. Электр энергиясын движок аркылуу алып, кыргыз тилиндеги тасмаларды көрүп, Данияр аттуу уулу менен жашайт. Кадимки биздин турмушта айылдан жайлоого жашылча-жемиш ташылса, бул жерде кулпунай, малина жана карагат кыям жасоо үчүн айылды көздөй жөнөтүлөт. Кызыл чамгырды 4 айда эки жолу айдаган ата аларды казып алып, аяштарына берерин айтат.

Бул тоолордо Абдыкадыр ата жөө жүрөт. 69дагы ак сакал күнүнө болжол менен кеминде 5 чакырым аралыкты басып өтөт. Минерге аты болгону менен мындагы ой-чуңкурду таманы басып турбаса, өзүнө ыразы болбойт.

«Тээтиги кырга чыкканда Жети-Өгүздүн Көк-Жайыгы да, көл да көрүнөт. Ошол жерге бир күндө эки жолу чыгам. Ал жерде турсаң, жер жүзү керемет экенин сезип, көз тоет. Ойго кез-кез байбичемдин үнүн угуш үчүн барбасам, ушул жерде жашаганга не жетсин. Бейиш деген – ушул. Бул жерге атамды ээрчип кичине кезимде келчүмүн. Кийин Союз мезгилинде жаштайыман ак кой багып, ушу жерде жакшы даражага жеткем. Ардак грамотадан бир нече жолу алып, «Эмгектин каарманы» деген ордендин ээси болгом. Союз тараганда, мал-жан да азайды. Көнгөн жайытка өзүмдүн малым менен кошо элдин малын кошуп алып чыкчу болдум. Анан акырындап жашылчаларды алып келе бердим. Эми бул чарбамсыз тура албайм. Жакында Ырыс Мамытканов деген айылдашыбыз баласы менен бул жерге балаты тиксем деген оюн айтты. Угуп, өтө кубандым. Балаты тиксе, эл-журтум үчүн кызмат кылат элем, ошол көчөттөрдү карап берем», - дейт ал.

Асанкадыр ата бул конушка анын наамы берилгенине терең ыраазы. Ата мында малын жайып, бээ байлап, бир жылдын 5 айын ушул жерде өткөрөт. Кар түшкөнчө ушул жерде жүргөнү жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×