Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 11.08.2015 16:43

Айыл турмушу: Бакай-Атанын тургуну үйүндө коомдук мончо иштетип, 100дөн ашуун гүлдүн түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылынын 47 жаштагы тургуну Динара Шаботоева айыл жергесинде коомдук мончо иштетип жана гүл өстүрүү менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Д.Шаботоеванын айтымында, ал үйүнүн тегерегин 100дөн ашуун гүлдөрдүн түрү менен кооздогон.

«Үйдүн айланасындагы гүлдөр март айынан декабрь айына чейин гүлдөп турат. Гүлдөрдүн арасында роза, флокс, ирис, лилия сыяктуу гүлдөр басымдуулук кылат», - дейт ал.

«Облус аймагындагы гүл өстүргөн айымдарды бириктирип, алар менен тажрыйба алмашып, жаңы сорттогу гүлдүн түрлөрүн алып келип, коомчулукка жайылтсам деген планым бар», - деп кошумчалады Д.Шаботоева.

Мындан тышкары, ал коомдук мончо иштетип, элге кызмат көрсөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×