Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 11.08.2015 15:17

Айыл турмушу: Нарындын Таш-Башат айылынын тургуну Т.Токталиевдин үйүндө өткөн кылымга таандык таш эстеликтер орун алган (фото)

Turmush -  Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Таалай Токталиевдин үйүндө өткөн кылымга таандык таш эстеликтер орун алган, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Токталиевдин айтымында, анын үйүндө 1960-1970-жылдардан бери турган эстеликтердин бетине адамдын келбети түшүрүлгөн.

«Биздин үйдө бул эстеликтер көп жылдан бери сакталып келет. Атам Токталиев Казы талаада жүрүп таап алып, атка өңөрүп алып келген. Ал кезде мен кичинекей бала болгондуктан эмне эстеликтер экендигин сурабаптырмын. Кийин атам каза болуп, бул эстеликтер кайдан алынып келгендиги сыр бойдон калды», - дейт айыл тургуну.

«Чет элдик саякатчылар айылдарды кыдырып калышканда кызыгып, сүрөткө тартып кетишүүдө. Айрымдары сатып алабыз дешкен, бирок алып кетише элек», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×