Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 11.08.2015 14:58

Айыл турмушу: Нарындын Таш-Башат айылынын тургуну К.Ашырбаев пескоблок чыгарып, бизнес кылууда (фото)

Turmush -  Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Кадырбек Ашырбаев пескоблок чыгаруу менен киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Ашырбаевдин айтымында, бул ишти ал 2 жыл мурун баштаган. Песпоблок чыгаруучу станокту 2013-жылы 150 миң сомго сатып алып, үйүнүн алдына орноткон.

«Биринчи жылы ишибиз жакшы жүрдү. Бир аз тыныгуудан кийин кайрадан ишти баштадык. Буюртмаларды алып, иштейбиз. Айыл эли пескоблокту курулуш иштерине жаңыдан гана колдонуп жатышкандыктан, суроо талап көп эмес. 1 даана пескоблокту 30 сомдон сатуудабыз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×