Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусу 11.08.2015 12:35

Айыл турмушу: Дээрлик 20 жылдан бери комуз чаап келаткан Лейлектин тургуну К.Орозбаевдин өрүк комуздары 7 миңден 15 миң сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун тургуну Курманбек Орозбаев 1997-жылдан бери комуз чаап келет. Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, комуз жасоо — анын тубаса таланты жана илхому келген учурда гана чабат.

К.Орозбаев 5 жылда 50-60 комуз даярдап, аларды жалаң гана Лейлектин өрүгүнөн чабат. Ал Абдували Акимбеков, Самара Каримова, Бактыгүл Чотурова жана башкалар сыяктуу атактуу инсандарга жана Лейлек, Сүлүктү, Баткен райондук маданият үйлөрүнө комуз жасаган. Ошондой эле, анын 2 өрүк комузу Японияга белек катары алынган.

Курманбек мырзанын айтымында, үстүбүздөгү жылы Ысык-Көлдө өтүп жаткан акындар таймашынын жеңүүчүсүнө К.Орозбаев Лейлек өрүгүнөн жасап, Москвадан атайын алтын жалатылган алтын комуз берилмекчи. Комуздун баасы сапатына жана үнүнө жараша 7 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×