Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуКара-Буура району 11.08.2015 11:57

Айыл турмушу: Кара-Буура районунда Анатаевдердин үй-бүлөсү 40 сотых жерден 13 тоннадан ашык дарбыздын түшүмүн алышты (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун тургуну Марат Анатаев менен жубайы Айчүрөк Карим кызы 40 сотых жерден 13 тоннадан ашык дарбыздын түшүмүн алышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Анатаевдин айтымында, алар суу жетпей, иштетилбей турган 4 гектар жерге 2 чакырым алыстыктан арык казышып, суу киргизишкен.

А.Карим кызы Аксы районунан болгондуктан өзүнүн аймагында мыкты өскөн коон, дарбыздарды сыноо ирээтинде Таласта өстүрүп көрүүнү мындан 5-6 жыл мурун колго алган.

«Алгачкы жылдары өзүбүзгө жетчүдөй эле аз гана жерге өстүрүп көрдүк, түшүм жакшы болгондугуна байланыштуу көп өстүрүүнү туура көрдүк», - дейт ал.

М.Анатаевдин жубайы аймактагы эң жаш баатыр энелердин бири. Анын 7 баласы бар. Үй-бүлөсү менен жай айларында талаада эмгектенип, жылдык кирешелерин таап алышат.

«Бул жерде биз бир гана коон, дарбыз эмес, помидор, бадыраң, жүгөрү, пияз, тамакка кошулуучу жаңылчалардын түрлөрүн өстүрөбүз. Бүгүнкү күндө 40 сотых жерден 13 тоннадан ашык дарбыздын түшүмүн жыйнап алдык. Ал эми коонду күнүнө 500 килограммдан ашык жыйнап жатабыз», - дейт А.Карым кызы.

Район акими Ч.Төрөкуловдун айтымында, Таластын дыйкандары көбүрөөк ыктап калган төө буурчакка салыштырмалуу дарбыз эгүү өтө кирешелүү болууда.

«1 гектар жерден орточо эсеп менен 30-35 тонна түшүм алганда 400 миң сомго чейин пайда тапса болот. Ал эми төө буурчактын гектарынан 2 тонна түшүм алганда деле бул каражаттын жарымына да тең келбейт», - дейт аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×