Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 11.08.2015 11:20

Айыл турмушу: Ош шаарынын 55 жаштагы тургуну Акромжан Жороев учурда 300 бөдөнө багат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 55 жаштагы тургуну Акромжан Жороев көп жылдан бери бөдөнө багып келет. Бул тууралуу ал кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен бир топ жылдан бери бөдөнө багып келем. Ал тооктон бир аз кичине келип, тоголок болот. Көбөйүүсү да тез. Эки айдан кийин жумуртка бере баштайт. Убагы менен жем берип турабыз. Багууда көп кыйынчылык туудурбайт, ыгын билип алса, оңой эле болот. Ошто бөдөнөнүн 4-5 түрү бар. Мен Оштогу бөдөнө баккандардан эле алып көбөйттүм. Үйдө 300дөн ашык бөдөнөм бар», - деди А.Жороев.

«Бөдөнөнүн эти ден-соолукка да пайдалуу. Сөөк ооруларын дарылоодо аларга суроо-талап жогору», - деп кошумчалады ал.

«Бөдөнөнүн этин бут ооруларын жана сөөк ооруларын дарылоодо колдонушат. Жумурткасы да башка ооруларды айыктырууга жардам берет. Ал сөөктөрдүн бышык болушуна негиз болот», - дейт А.Жороев .

Ош шаарында учурда бөдөнө баккан онго жакын адам бар. Бөдөнөнүн баасы 70 сомдон башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×