Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.08.2015 10:35

Айыл турмушу: Фельдшер-акушерлик кесибин айдоочулукка алмаштырган кара-көлдүк Р.Дооронкулов айылдаштарына кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын 36 жаштагы тургуну Руслан Дооронкулов 7 жылдан бери айдоочу болуп иштеп, айылдаштарына кызмат көрсөтүп келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Р.Дооронкуловдун айтымында, ал жеке маршруткасы менен айылдан шаарга жүргүнчүлөрдү ташып, киреше табат.

«Күндө эртең менен саат 7ден кечки саат 7:30га чейин айылдан шаарга, шаардан айылга эл ташыймын. Күнүнө орточо эсеп менен маршруткага 70тен ашык адам түшөт. Жол кире акысы 10 сом. Күнүнө 1800 сом, кээде 2000ге чейин пайда табам. Анын ичинен таза кирешем 600 сомдон 800 сомго чейин болот, калган 1200 сомго салярка куям. Майрам, той болгон күндөрү 1000 сомго чейин таза киреше түшөт», - дейт ал.

Р.Дооронкулов белгилегендей, ал кесиби боюнча фельдшер-акушер, 2000-жылдан 2005-жылга чейин Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлик борборунда тез жардам кызматында эмгектенип, айлык акынын аздыгынан Россияга иштөө үчүн кеткен.

«Мен Россияда көп жыл иштедим, тапкан акчама мал күттүм, машина алдым», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×