Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 11.08.2015 09:58

Айыл турмушу: Жайытка мал жайып, тандырга нан жаап, очокко тамак жасап, экологиялык таза шартта жашаган тургундардын турмушу (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы айылдардын бири суу сактагычтын айланасында жайгашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жерде газ жок. Электр жабдыктары орнотулганы менен электр жарыгы маал-маалы менен берилет.

«Электр кубаты кечкисин сыналгы көргөнгө, кол фонарларды жана уюлдук телефондорду дүрмөттөгөнгө керек», - деди айыл тургуну Айбек Айтматов.

Анын айтымында, бул айылдын жашоочулары техника, цивилизация дегенге анчейин маани беришпейт. Таза абадан дем алып, жайытка мал багуу менен турмуш тиричиликке каражат табышат.

«Сезон маалында бул жакка 100дөн 300 короого чейин койлорун алып келип бактырышат. Койдун кожоюндары баккан акыбызга короосуна 10 миңден 15 миң сомго чейин акча төлөшөт. Эң негизгиси койдун башын азайтпаш керек. Ал үчүн оорутпай, жапайы жырткычтарга жедирбей карайбыз. Жалпылап айтканда тапкан кирешебиз жакшы», - деди айылда көп жылдан бери жашаган Марат аттуу тургун.

Бул айылда аялдар тамак даярдап, сүт жана эт азыктарын жасоо менен кышка кам көрүп, негизинен үй жумуштары менен алектенет.

«Нанды тандырга жабабыз, тамак болсо дайыма очокто жасалат. Курут, сүзмө, сары май, кымыз сыяктуу сүт азыктарын Ош шаарына алып барып сатабыз», - деди Майрам Айтматова.

«Улуу балдар, кыздарыбыздын көбү акча табууга чет өлкөгө кетишкен. Ал жактан бизге банк аркылуу же кимдир бирөөдөн акча жөнөтүшөт. Ал каражат кышкыга азык белендөөгө жардам болот. Үйдөгү балдар чарбага жардам беришет», - деди айылдагы айымдардын бири.

Адырлуу, тоолуу райондун шартына жараша үйлөр фундаменти жок курулган. Чатыры жапыс, дубалы негизинен ылайга саман аралаштырылып урулгандыктан үйлөрдүн көбү ным тартып турат.

Айтматовдордун үй-бүлөсүндө улуу уулу үйлөнүп, жакында эле той өткөрүшкөн. Жаш жубайларга үйдөгү эң жакшы бөлмө бөлүнүп берилип, жубайлар аны өз шарттарына ылайыктап жасап алышкан.

«Бактылуу болуш үчүн дагы эмне керек? Жаштар бактылуу жашасын, жакында биздин үй-бүлөгө дагы бир мүчө кошулары күтүлүүдө. Бул биз үчүн чоң бакыт. Биз экологиялык таза райондо жашайбыз. Таза абадан дем алып, таза суу ичебиз. Өлкөдөгү, чоң шаарлардагы саясатты ойлонуп, талкууга албайбыз. Бул жерде бир күн, бир жылга тете», - деди Айтматовдордун чоң энеси Карамат апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×