Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.08.2015 09:59

Айыл турмушу: Кара-Көлдө электрик болуп иштеген Мурат эмгек өргүүгө чыкканда малина сатуу менен кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Мурат аттуу тургуну сезон убагында малина сатуу менен кошумча киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Мураттын айтымында, ал Токтогул Каскаддар ГЭСинде электрик болуп иштейт. Учурда эмгек өргүүдө болгондуктан, малина сатуу менен кошумча киреше табууда.

«Эс алуу учурунда каражат таап алуу максатында эки, үч күндө бир жолу Токтогулга барып, малина алып келип сатуудамын. Малиналар Токтогулдун Комсомол жана Чоң-Арык жайлоолорунан терилет. Ал жактан терилген малинанын ширеси көп жана өңү кара-кочкул кызыл болуп турат. Эл дагы ошол жердин малинасын жактырат. Токтогулдан чоң чакадагы малинаны 1000 сомдон, кичинекейин 500 сомдон алып келем. Кара-Көлдөн чоң чакадагы малинаны 1200, кичинекейин 600 сомдон сатам. Бир барып, соода кылгандан 2000 сом пайда көрөм», - дейт ал.

Ал белгилегендей, кара-көлдүктөр малинаны кыям кылуу үчүн жеринен сатып алышат. Кээ бирлери телефон аркылуу да буюртма беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×