Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 11.08.2015 08:40

Айыл турмушу: Ош шаарынын тургуну А.Бакиров өзүнүн жаштык кези өткөн эс алуу жайындагы көлмөнүн айланасын тазалап, ирээтке келтирүүдө (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Абсамат Бакиров бош убактысында шаардагы эс алуучу жайлардын биринде жайгашкан көлмөнүн айланасын абаттоо менен алектенет.

«Көп жылдар бою бул эс алуучу аймактан алыс жашап, келген сайын кичи мекенимдин жаратылышынын кооздугуна суктана берчүмүн», - дейт ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

«Совет убагында Ош шаарынын сыртында шаардагы ири ишканаларга караган көптөгөн жасалма көлмөлөр, бассейндер, эс алуучу жайлар бар эле. Жаш кезде биз достор менен ушул жайларда көп эс алчуубуз. Кийин Советтер союзу тарап, эс алуучу жерлердин көбү бош калды. Пенсияга чыккандан кийин өзүм сүйгөн бул жерди көзөмөлгө алып, куурап калган бактардан, таштындылардан тазалып, айланасын ирээтке келтирүүнү чечтим», - деди тургун.

Анын айтымында, көлмө өтө чоң эмес, узундугу 25-30 метр. Өзгөн районунун балык чарбасынан балыктын чабактарын сатып алып, март айынын башында аларды сууга кое берген. Бул анын балык өстүрүү жаатындагы биринчи тажрыйбасы.

«Менин ушул курагымда балык өстүрүү абдан жакшы иш деп ойлойм. Биздин экологиябыз жакшы, сууларыбыз таза, андыктан балык өстүрүүгө шарт бар. Август айынын аягында бул аракетимдин биринчи кирешесин көрөм деп ниетенип жатам», - деди пенсионер.

Мындан сырткары, А.Бакиров колго жасалган кичинекей көлмө болгону менен анын кооздугу адамга эс алуу тартууларын айтат. Бул жерде куштардын сайраганын, суунун шырылдаган үнүн угуп жаратылыштан ырахат аларын кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×