Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 10.08.2015 16:30

Айыл турмушу: Ош шаарындагы Мамудалиевдердин үй-бүлөсү бешик жасоо өнөрү атадан балага өтүп келет (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 17 жаштагы тургуну Аллахберди Мамудалиев атасы менен биргеликте ымыркайлар үчүн бешик жасоо менен алектенет. Бул өнөрдү чоң атам атама үйрөтүп кеткен экен, атам мага үйрөттү, мен да кийин балама үйрөтөм дейт ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Аллахбердинин айтымында, 1 күндө 1 бешик даярдаса болот. Эгер 10 бешикке буюртма келип түшсө, атасы экөө биргеликте 3 күндө жасап үлгүрөт. Атасы Эгемберди Мамудалиев 30 жылдан бери бул жумуш менен алектенип, үй-бүлөсүн багып келет.

«Бешиктин баасы анын жасалгасына жараша болот. Ичиндеги төшөктөрү тигилип, шейшеп салынган даяр бешиктин баасы 4 миңден 6 миң сомго чейин жетет. Эгерде бешиктин өзү эле болсо, 1000 сомдон 2 миң сомго чейин бааланат. Сентябрдан декабрь айына чейин сезон маалында 150 даана бешик сатылат», - деди Аллахберди.

Кол өнөрчүлөрдүн айтымында, май айынан август айына чейинки убакыт бешик жасалуучу жыгач каражатын даярдоо мезгили болуп саналат. Бешик арчадан, талдан, терек жана башка бактардан жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×