Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.08.2015 15:29

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Светлое Поляна айылынын тургуну Ж.Калмамбетова карагаттын жалбырагын чогултуп, 2 айда 2 миң доллар табат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлое Поляна айылынын тургуну Жолдукан Калмамбетова Жети-Өгүздүн Шалба, Кызыл-Суу, Желе-Дөбө, Полян, Питомник айылдарынан карагат, карагаттын жалбырагын алып, аны кайра өткөрүп иштейт. Ал карагаттын 1 килограммын 100-115 сомго чейин алса, анын жалбырагын кургай элек кезинде 30 сомдон алып, жыйнап буйрутма берген фирмаларга өткөрөт.

Жолдукан айым 3-4 жылдан бери карагат бышкан кезде ушул жумуш менен алектенип, жалбырактар кургай электе бир сезондо 10 тоннага чейин чогултарын айтат. Ага карагат жана анын жалбырагын эң көп алып келгендер 5-6 миң сомго чейин акча алышат экен.

«Мурдараак карагаттын жалбырагын жулган ага зыян деп ойлоп, аны көп өткөрбөй келишкен. Азыр болсо эл анын зыян келтирбесин билип, алып келип жатышат. Бирок аны үзүүнүн ыгын билиш керек. Бутактарынан жалбыракты сыдырып тартпай, ылдый карай бирден тартып жулуу зарыл. Бизде карагат көп. Ал эми, кай бир жерлерде карагат жок болгон үчүн өзү эле эмес, анын жалбырагы да дары болот экен. Бул жалбырактардын кургатылган түрү дарыканаларда сатылып, чайга, спирт ичимдиктерине кошулат. Анын үстүнө көлдүн карагатынын жыты өзгөчө дешет», - деп билдирди.

Жолдукан айым карагат менен жылына 2 ай иштеп, орто эсеп менен 2000 доллар табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×