Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.08.2015 12:38

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү Жон-Булак айылынын тургуну Г.Ыканова жер семирткичтерди табыгый шартта даярдап, эл кеңири колдонууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын тургуну Гулжан Ыканова табыгый шартта жер семирткич жасап, мол түшүм алууда, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ал таштандыны да текке кетирбей жер семирткич жасоону өздөштүргөн.

«Жер семирткичтер табыгый шартта эч кошулмасыз даярдалса, анын сапаты жогору болот», - дейт элеттик айым.

Анын айтымында, бийиктиги 2 метрди түзүп, «Кампос» деп аталган жер семирткичтер топтому ар кыл кошулмалардан даярдалат. Анын негизинде түшүмдүүлүк мол болуп, айыл эли учурда бул ыкманы кеңири колдонуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×