Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 10.08.2015 10:48

Айыл турмушу: Токтогулда 23 жылдан бери аары багуу менен алектенген М.Тургунбаев жыл сайын бал жарманкеге катышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Алатай жайлоосунда аары багуу менен алектенген 55 жаштагы Мадьяр Тургунбаев жыл сайын үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында өтүп жаткан бал жарманкеге катышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Тургунбаевдин айтымында, ал 1992-жылдан бери аары багуу менен алектенет жана бул ишти өзүнүн балдарына дагы үйрөткөн.

«Учурда 200 даана бал челегибиз бар. Жыл сайын борбордо өткөн бал жарманкеге катышып турабыз», - дейт ал.

Ал белгилегендей, жубайы Райымкан Байсалбекова «Ыктыярдуу бал аарычылар» коомунда мүчө. Ал бал өндүрүүдөн сырткары аарылардын тоо чөбүнөн ташып келген «нектар», «перга» азыктарын жыйнап, күнүмдүк турмуш тиричилигине даарычылык катары колдонот.

Эскерте кетсек, бал жарманке 7-августан 16-августка чейин борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×