Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.08.2015 14:35

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлүктү аздектеген Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылынын тургуну С.Дайрабаева короосунда гүлдүн 20 түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Элеттик кол өнөрчү Сагын Дайрабаева таар бетине жүндөн оймо түшүрүп, жер төшөктөрдү жасайт. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын тургуну бул өнөрдү таенесинен үйрөнгөн. Ал оймо түшүрүүдө өзүнүн ой-чабытына жараша ар кандай жаңы оюуларды ойлоп табат. Бир жумада бир жер төшөктү кынаптап жасап, канаттуулардын элесин түшүрүп, жаздыкчаларды, кыргыз туш кийиздерин да жасайт.

«Мен эмгегим менен каражат табууну эмес, кыргыз кол өнөрчүлүгүн кыздарыма жана неберелериме үйрөтүүнү көздөйм. Ошондой эле, комузда кол ойнотууну максат кылып, 40 жашында комуз черткенди үйрөндүм», - дейт С.Дайрабаева.

Белгилей кетсек, уз айым гүл өстүрүүгө да кызыгып, короосунда гүлдүн 20дан ашуун түрүн өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×