Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.08.2015 13:59

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылынын 8 жашар тургуну А.Жакыпбаева 3 жашынан баштап манас айтып келет (фото, видео)

Turmush -  Келечекте чоң манасчы болууну эңсеген 2-класстын окуучусу Айдай Жакыпбаева 3 жашынан баштап манас айтып келет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын кичинекей тургуну манас айтуу боюнча бир катар кароо-сынактарга катышып, Ардак грамотаталарына, Алкыш баракчаларына жана «Манас» китептерине ээ болгон.

Айдайдын чоң апасы: «Ал кичине кезинен эле бийик жерге олтуруп, өзүнчө жомок айткандай боло берчү. Учурда Айдай 2-класста окуйт», - дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×