Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 07.08.2015 15:33

Айыл турмушу: Ош шаарында колдо жасалган тумактарга туристтердин кызыгуусу артууда (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 55 жаштагы тургуну Закир Мамаразаков көп жылдардан бери тумак тигип келет. Ал бул өнөрдү кайынатасынан үйрөнгөн. Закир Мамаразыков бул аралык ичинде 20 дан ашуун шакирттерди даярдаганын айтты. «Мен 31 жылдан бери тумак тигип сатып үй-бүлөмдү багам. Бул өнөрдү кайынатамдан үйрөнгөм. Ал чыныгы тумакчы болгон. Кайынатам 3 эле жолу көргөзүп бергенде өздөштүрүп кеттим. Тумак тигүү бул зиректикти талап кылат. Башында кыйналып жүрүп эми шакирттерди да тарбиялап жатам. Буга чейин 20дан ашуун шакирттерди даярдагам. Тумак жасоо оңой иш эмес. Үйрөнөм деп келгендердин баары эле чыдабайт, анткени жүндү кыркыш керек, боёло тургандарын боёш керек. Боекторду болсо Кытайдан алып келебиз. Ошто дагы тумак менен иш кылгандар көп, бирок көбү алып сатарлар. Биз болсо өзүбүз үйдө кол менен жасайбыз»,- деди З. Мамаразыков.

Бул өнөр атадан балага да өткөн. Анын уулдарынын бири Фархад Закиров колго жасалган тумактар чет өлкөдөн келген туристтердин да кызгуусун арттырып жатканын айтат. «20 жылдан бери атам менен тумак жасайм, 10 жыл мурда тумакка суроо-талап жакшы болчу, азыр тумакка болгон суроо-талап 60-70% төмөндөдү. Бир жылда 40-50 тумак сатылат. Бир күндө 4-5 тумак жасайбыз. Учурда көбүнчө туристтер сатып ала башташты. Терилерди атайы Россиядан буюртма менен алып келебиз»,- дейт Ф. Закиров.

Сатыкка чыккан тумактардын баасы 150 сомдон баштап, 15 миң сомго чейин сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×