Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.08.2015 12:14

Премьер-министр Т.Сариев Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында курулуп жаткан мектепке республикалык бюджеттен каражат бөлүүгө убада берди (фото)

Turmush -  Премьер-министр Темир Сариев иш сапарынын алкагында бүгүн, 7-августта Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылда курулуп жаткан 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кызыл-Суу айылында Гапаров атындагы мектептин курулушу 2013-жылы башталган. Ага учурда жалпы талап кылынган 52 млн сомдук сумманын 12 млн сому бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө анын 1-кабатынын курулушу аяктоо алдында.

Премьер-министр мектепке даараткана жана жуунучу жай куруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүүгө убада берип, кийинки 2016-жылы толугу менен бүтүрүп, колдонууга берүүнү тапшырды.

«Балдардын билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек», - деди премьер-министр.

Белгилей кетсек, аталган мектептин эски имараты мындан 100 жыл мурда курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×