Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 07.08.2015 11:56

Айыл турмушу: 5 жылдан бери устачылык менен алектенип жаткан алайлык Ж.Алдараковдун эмгектери (фото)

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Жеңиш Алдыраков 5 жылдан ашык убакыттан бери жыгачтан түрдүү буюмдарды жасап келет. Жасаган боюмдарына кардарлардын да саны өсүүдө. Уста менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

«Жыгачтан устачылык кылганды атайын окуп үйрөнгөн эмесмин. Апамдан өткөн талант болсо керек. Апам кийиз, шырдактарды жасайт. Кичинемден устачылыкка кызыгып, түрдүү нерселерди жасап жүрдүм. Кийин Россияга барып иштеп калдым. Ал жактан да жумуштан кийин үйдүн макеттерин, түрдүү сувенирлерди жасачумун.

Кыргызстанга келгенден кийин бул ишке толугу менен өттүм. Жыгачтан кийим илгичтерди, сувенирлерди, кийим салуучу шкафтарды жана башка турмушка керектелүүчү буюмдарды жасап жатам. Ал эми уйдун мүйүзүнөн кийим илгичтерди, гүл салуучу вазаларды жасайм.

бир сувенирди чегип жасоо үчүн бир күн убакыт кетет. Кийим салуучу шкафты бир аптанын ичинде жасап бүттүм. Сувенирлерди жасоо үчүн бөтөлкөнүн сыныктары, жыгач, уйдун мүйүзү жана атайын боёктор керектелет. Азыр атайын буюртма менен шкафтарды, сыналгы койгучтарды жана башка боюмдарды да жасап сатып жатам. Жасаган буюмдарыма канча мээнет жана канча материал кеткенине жараша баа коём», - деди Ж.Алдыраков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×