Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 07.08.2015 08:33

Айыл турмушу: Бакай-Атадагы кол өнөрчүлөр тиккен буюмдарды Түштүк Корея жана Германияга алып кетишүүдө (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Водное айылынын тургундары Жээнкулова Нургүл, Жангазиева Замира жана Өмүралиева Зинар айылда төшөк каптоочу, кыздын себин жасаган чакан цех иштетип, элге пайда келтирүү менен өздөрү да каражат табууда.

Уз айымдардын айтымында, аталган цех 2013-жылы ачылганы менен бүгүнкү күндө бир топ жолго коюлуп калды. 3 күндө бир кыздын себин даярдоого жетишет.

Иштин башын 300 айым 40 сомдон чогултуп ошол акча каражатына керектүү техника, кездеме алышып, башташкан. Азыркы учурда айылдыктар мындагы чеберлердин буюмдары Түштүк Корея, Германия өлкөлөрүнө чейин кетүүдө, деп сыймыктанышат.

«Жакында эле коңшум Кореядан күйөө бала күтүп, кыздын себин жасатып, Сеул шаарына алып кетти. Ал эми Геманиядан келген туристтер келген сайын биз жасаган сувенирлерди алып кетишет. Иштин жакшы болгон учуру деп күз айларын эсептейбиз. Себеби, көпчүлүгү тойду ушул мезгилде жасоону туура көрөт. Бир кыздын себи 20 миң сомдон 35 миңге чейин бааланат», - дешти кол өнөрчүлөр.

Келечекте Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан кол өнөрчүлөрдүн кароо-сынактарына жана көргөзмөлөрүнө катышсак деген максаттарыбыз бар, дешет уз айымдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×