Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.08.2015 17:19

Айыл турмушу: Кара-Суунун 23 жаштагы тургуну 4 күндө 12 тандыр жасап, бир айда 30 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 23 жаштагы тургуну Хасанбай Кубишов тандыр жасоону 12 жыл бою үйрөнүп, учурда бул өнөрү менен үй-бүлөсүн багууда. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, тандыр жасап сатып, күнүнө 1000-1500 сомго чейин киреше табат.

Учурда өнөрүн шакирттерине да үйрөтүүдө. «Тандыр жасаганды устатымдан 12 жыл үйрөнгөм. Азыр ушул иш менен үй-бүлөмдү багам жана шакирттериме үйрөтөм. Тандыр жасоо үчүн Өзгөндүн кызыл топурагын колдонобуз. Ылай жасап, ага аппарат менен жүн тытып кошобуз. 4 күндө 12 тандыр даяр болот. Даяр тандырлардын ар бирин 1200-1400, ал эми чоңдорун 2000 сомдон сатабыз. Бир айлык киреше 30 миң сом болот. Заманбап техникалык мештер кеңири колдонула баштаса да, элдин тандырга болгон талабы өзгөргөн жок», - дейт Х.Кубишов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×