Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 06.08.2015 17:11

Айыл турмушу: Талас районунун 24 жаштагы тургуну бүлдүркөндүн жаңы түрүн өстүрүп, киреше табууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Ак-Сай айылынын 24 жаштагы тургуну Бекзат-Умар Кыдырбаев жер тилкесинин айланасына тегерете тигилген бүлдүркөндөн киреше табууда.

Мен бүлдүркөндү алгач, короо-жайды мал-жандыктан коргоо максатында эле тиккем, деп билдирет ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Бекзат-Умардын айтымында, айылдаштарынан бүлдүркөндүн майда тикендүү түрүн чогултуп, өзүнө тиешелүү жерди тегеретесинен тосуп алган. Акыркы эки жылдан бери бул бүлдүркөндөр түшүмдү мол берүүдө.
«Бүлдүркөндөрдү отургузганыма 5 жыл болду. Бул убакытта өсүмдүк аймакты чулгап алды. Бүгүнкү күндө мөмө терген бир сезондо 20 чака бүлдүркөн алам. Үйдө кышка кыямды кенен жасайбыз, коңшуларга беребиз, быйыл базарга да алып барып саттык», - дейт кубанган жаш дыйкан.

Бүлдүркөнүн көргөзүп, сортун аныктоо үчүн Б.Кыдырбаев багбандарды чакырган. Багбандар ар кандай кыртышта өскөн бүлдүркөн өсүмдүгү аргындашып, жаңыча сорт пайда болгондугун айтышкан.

«Бүлдүркөндүн жаңы сортуна кызыгып калдым, эми анын аянтын кеңейтүү пландарым бар. Бүлдүркөндөн сырткары ар кандай жашылчаларды, гүлдөрдү өстүрүү менен алектенем», - деп кошумчалады Б.Кыдырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×