Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.08.2015 15:31

Айыл турмушу: Ысык-Көл облусунун фермерлери ар биринин баасы 100 миң сомду түзгөн швиц тукумундагы уйларды сатып алды (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы «Ветка» асыл тукум малдарды кармаган чарбадан Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун  фермерлери швиц тукумундагы уйларды сатып алышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, сатыкка келген 5 уйдун сатып алуучулары тез эле табылды.

«Кадимки уйлар жайкысын ашып кетсе 9 литр сүт берсе, бул уйлар күнүнө 20 литрге чейин сүт берет. Өзгөчө кам көрүүнү деле талап кылбайт, болгону жем-чөптү үзбөш керек. Фермерлер 100 миң сомдук бул уйларды насыяга алышты, бирок үстөк пайызы жылына болгону 5%. Бардыгында эле азыр мындай сумма табыла койбойт. Андыктан жаңы тукумдагы уйду алууга эң сонун мүмкүнчүлүк», - деди мал чарбачылык боюнча адис Болот Токтосунов.

Анын айтымында, швиц тукумундагы чоң уйдун салмагы 500-600 килограммга жетсе, букасынын салмагы 850-950 кг. Швиц малдары этти жакшы берет. Жаңы туулган музоосу 33 килограммдан 40 килограммга чейин жетет. Жакшы шартта багылса 12 айдан кийин музоонун салмагы 250 килограммга, бир жарым жылда 350 килограммга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×