Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.08.2015 08:22

Айыл турмушу: Аксылыктарга шагыл жыйноочулардын мобилдүү тобу кызмат көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Аксы районунун Жаңгак айылында элге шагыл ташып жеткирип берүү үчүн жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары атайын мобилдүү топ түзүп алышкан. Айдоочу Акимжан Мырзапаязовдун айтымында, айылда курулуш иши жанданып, шагылга болгон керектөө жогору, буюртма бергендердин да саны арбын.

Андан улам атайын 5 айдоочудан турган мобилдүү топ түзүлдү.

«Ар кимибиз өз алдыбызча иштеп келгенбиз. Барыбыз эл кызматында экенбиз, биримдикте иш алып баралы деп бириктик. Буюртма келсе бири-бирибизге байланышып, биргеликте иштеп жатабыз. Башкаларга бул ишибиз жеңил сезилгени менен ишибиздин кыйынчылык жактары бар.Топурак, шагыл ташыгандыктан дайыма чаңдын арасында жүрөбүз. Ден соолукту жоготуп жатабыз жана кыр-дөңдүн арасында жүргөндүктөн өмүрдү тобокелге салган учурлар боло», - деди айдоочу.

Учурда айыл жерлеринде 1 жүк ташуучу автоунаадагы шагылды жүктөп, жеткирип берүү 1500 сом, ал эми таш жүктөп жеткирип берүү 1800 сомго бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×