Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 05.08.2015 15:40

Айыл турмушу: Ош шаарындагы белгилүү зергер бул ишти үйрөнүү үчүн 6 жыл убактысын сарптап, учурда шакирттерди үйрөтүүдө

Turmush -  Ош шаарында зергерлик аркылуу күнүнө 1500-2000 сомго чейин киреше тапса болот. Зергер Равшан үй-бүлөсүн ушул өнөр менен багат. Ал өз өнөрүн шакирттерине да үйрөтүүдө.

«Зергерчилик кесипти атайын шакирттен үйрөнгөм. Устатым менен 6 жылдан ашуун убакыт чогуу иштедим. Андан кийин устатым өзү уруксат берип, өз алдымча иштей баштадым. Жаңы иштегенде жасай албаган зер буюмдарымды устатыма алып барчумун. Азыр өзүм да шакирттеримеүйрөтүп жатам.

Өз алдымча иштегениме 3 жылдан ашты. Азыр зергер усталардын мыктыларынын катарын толуктайм. Учурда 2 шакиртим бар. Аларга билген өнөрлөрүмдүн баарын үйрөтүп жатам. Бизге зер буюмдары үзүлүп калгандар көп кайрылат. Шакек, сөйкөлөрдүн көзүн салуу, мончок тизүү сыяктуу кызматтарды көрсөтөбүз.

Көздөрү түшүп калган зер буюмдардын мончокторун табуу өтө кыйын. Азыр шаар боюнча мончоктун эң көп түрү менде бар. Зер буюмдардын мончокторунун 200дөн ашуун түрүн табууга болот. Андан сырткары, кыздар шакектерин чоңойтуп же кичирейтип бер деп кайрылышат. Негизинен эле биздин ишибиз зер буюмдарды кардар каалагандай кылып оңдоп берүү. Зер буюмдарын оңдоп, калыбына келтирүү чоң мээнетти талап кылат. Кээ бир кардарлар эки темирди бириктирип коюп эле 200 сом алып коёсуңбу дешет. Ошол эки темирди бириктирүү үчүн да биздин мээнетибиз кетет. Кызмат акыбызды алтын, күмүшүнө карап алабыз», - деди Равшан.

Зер буюмдарды оңдоп берүү баалары:

Алтын зер буюмдары

1.Шакек, сөйкө 100-500 сомго чейин

2.Чынчырча 80-500 сомго чейин

3.Зер буюмдарын чоңойтуу, кичирейтүү 70-200 сомго чейин

4. Шакек, сөйкөлөргө көз салуу 20-200 сомго чейин

Күмүштөрдү оңдоо алтынга салыштырмалуу бир топ арзан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×