При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 29-апрель

Токтогулда 63 жыл мурун курулуп, башталгыч класстарды окутуп жаткан мектептин имараты кулап калуу коркунучунда турат (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы №36 мектептин имараты авариялык абалда турат.

Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Төрөкуловдун айтымында, мектептин имаратын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 10-июлунда жараксыз деп тапкан жана окутуу жүргүзүүгө мүмкүн эмес деген тыянак чыгарылган.

«А.Ибраев атындагы №36 мектеп 1952-жылы курулуп, башталгыч класстар окуп келет. Учурда 1-ласстан 4-класска чейинки 200дөн ашык окуучу мектепсиз калуу коркунучунда турат. Тиешелүү жогорку бийлик өкүлдөрүнө кат жолдодук. Окуу башталганга чейин бул мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарыл», - деди Ө.Төрөкулов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1987
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×