Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 04.08.2015 16:30

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө мугалим жайлоо бала бакчасын ачып, 30га жакын балага тарбия берүүдө (фото)

Turmush -  30 жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын тургуну Роза Жумадылова Көк-Жайык жайлоосуна бала бакча ачты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирет.

Ал «Келечек» деп атаган жайлоо бала бакчасына учурда жайлоодогу малчылардын 30га жакын баласы келүүдө.

«Балдар эртең мененки саат 9дан 12ге чейин биздин бала бакчада болушат. Ал учурда ойнотуп, окуганды үйрөтүп, ар кандай көнүгүүлөрдү чогуу жасайбыз. Бул жерде мени менен дагы бир тарбиячы эмгектенет», - дейт Р.Жумадылова.

«Биз жети жылдан бери тоодо мал багабыз. Балдар биз менен болушат. Жайлоодо иш бүтпөйт. Андыктан балдарды карап, билим берип, бир нерсе үйрөткөнгө такыр убакыт болбойт. Бала бакча ачылганы абдан жакшы болду. Биздин үч балабыз тең барат. Үйгө барганда окуган жомокторун, кагаздан жасаган оюнчуктарын көргөзүшөт», - дейт Элзат Мырзабаева.

Белгилей кетсек, айыл өкмөтү жана жайыт комитети тарабынан бала бакчага каражат бөлүнбөйт. Акча тартыштыгынан улам балдарга тамак берилбейт. Тарбиячылар үч саат аралыгында гана аларга билим берип, ойнотуп, өз колдору менен ар кандай буюм, оюнчуктарды жасаганды үйрөтүшөт. Айрым учурларда коноктор келип, балдарга өз белектерин берип, ойнотуп кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×