Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 04.08.2015 14:59

Айыл турмушу: Араванда кулпунай өстүрүү менен күнүнө 16 миң сомго чейин пайда тапкан дыйкандар бар

Turmush -  Ош облусундагы Араван районунун Октябрь айылында кулпунай өстүрүп,  күнүнө 16 миң сомго чейин пайда тапкан дыйкандар бар.

Кулпунайдан кышка чейин түшүм алууга болоорун айткан Бактыгул Жалалова Turmush басылмасынын кабарчысына кулпунай өстүрүү тууралуу айтып берди.

«Кулпунайдын чөбүн март айынан тарта чаап, карай баштайбыз. Кулпунай жыл сайын көбөйүп, өзү өсө берет. Кулпунайды көчөттөрүнөн көбөйтүүгө болот. Түшүм алуу өтө көп мээнетти талап кылат. Кулпунайдын эң негизги түйшүгү чөбүн тазалоо. Кулпунай дайыма суу ичип туруусу керек. Суу болбосо түшүмүнүн даамы жок болуп калат. Ага химиялык жер семирткичтерди берүүнүн кереги жок. Анткени түшүмү жумшак болуп эзилип кетет. Ошондуктан малдын, тооктун кыгын гана себүү керек.

Негизинен май айынан тарта терүү башталат. Сатыкка жаңы чыгып баштаганда килограммын 200 сомдон сатып жаттык. Эң жакшы түшүм алганда 80 кг чейин алдык. Бир ай терип, ортодо 10-15 күн тыныгуу болот. Себеби ошол убакытта жаңы түшүмдөр бышып, даяр болушу керек. Кулпунайдын айланасындагы чөптөрдү баттан отоп туруу керек. Антпесе кулпунайдын өсүүсүнө тоскоол болот. Азыр элдин басымдуу бөлүгү кулпунай эгип дыйканчылык кылышат», - деди Б.Жалалова.

Бул аймактагылар 20-30 кг чейин түшүм алып, 100-120 сомдон сатылууда. Учурда Чуй облусунан да кулпунайлар келип жатат. Бирок алардыкына салыштырмалуу биздин кулпунайлар сулуу жана даамдуу болот, деп кошумчалады ал.

IMG-20150804-WA0043

IMG-20150804-WA0044

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×