Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.08.2015 12:04

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 78 жаштагы тургуну ыр жазып, балык уулап, спорт менен машыгып, гүл өстүрүп жашоодон ырахат алат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 78 жаштагы тургуну Людмила Стефанович өмүрүнүн 30 жылын Кара-Көл шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө жумшаган, деп билдирет каарман менен маектешкен Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ал 1937-жылы Пушкино-Мордовия кыштагында, колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Бир туугандардын жетинчиси.
Л.Стефанович алгач туулган мекенинде Пушкин атындагы 7 жылдык мектепти аяктап, андан соң Ичаловск педагогикалык институтту бүтүргөн. Кыргызстанга келгенден кийин Ош педагогикалык институтунан билим алып, Советтер Союзунун Коммуннисттер партиясынын борбордук комитетинин карамагындагы жогорку партиялык мектепте окуган.

Эмгек жолун Кызыл-Кыя шаарынын №1 мектебинен башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштаган. 1977-жылы Кара-Көл шаарынын партиясынын шаардык комитеттин экинчи секратарь болуп келет. 1987-жылдан тартып Токтогул Каскаддар ГЭСине которулат. Ошол күндөн тартып аталган ГЭСте эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда.

3

2

«Мени Кара-Көл 40 жаштын кырында, жаштыктын толкуп-ташып турган кезинде, кучагын жайып тосуп алды. Ошол жылдар дагы деле көз алдымда. Кара-Көлдү шаар кылып түптөгөн гидрокуруучулар. Мен гидрокуруучулар менен энергетиктерди өзгөчө баалайм. Алар Кыргызстанды энергетикадан көз каранды кылбай, келечек муунга Токтогул Каскаддар ГЭСтерин куруп, тарыхый иш жасашты. Мына бүгүн ошол энергетика өлкөгө пайдасын тийгизип, кичинекей Кара-Көлдү ар тараптан камсыздап келет. Гидрокуруучулар, энергетиктер эң сонун адамдар эле. Кара-Көлдүн эли мен үчүн башкача. Эч бир жердин элине окшошпогон мүнөзү бар. Кара-көлдүктөр оор басырыктуу, кыздары, жигиттери өзгөчөлөнүп,сулуу, келбеттүү. Ар дайым күлүп жайнап, сыйлап келишет», - деди Л.Стефанович.

Людмила айым «Мен сени сүйөм, жашоо...» аттуу ырлар жыйнагынын автору. Анда негизинен жашоо, сүйүү, Кыргызстан жөнүндө ырлар камтылган.

«Менин чыгармачылык эргүүм ушул жерден күчөдү. Көптөгөн ыларым жазылды. Жашымдан поэзияга жакын адаммын. Эргүү келгенде ыр жазам, бош убактымда балык уулаганды жактырам, спортко кызыгам, гүлдөрдү сүйөм, өмүрдү, жашоону сүйөм, үй-бүлөмдү сүйөм», - деп эргүү менен кошумчалады Л.Стефанович.

Ал эмгек жолунда «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган, Эмгек ардагери, Токтогул ГЭСинин ардагери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×