Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.08.2015 08:59

Айыл турмушу: Соң-Көл жайлоосундагы борбор бардык шарттары бар VIP жана жөнөкөй класстагы боз үйлөр менен миңдеген туристтерге кызмат көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Жыл сайын жаздан күзгө чейин Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна чыгып, туристтерди тосуп алуу менен кызмат көрсөткөн жергиликтүү үй-бүлө жарым миллион сомго чейин киреше табууда.

Бул жылы да кызмат көрсөтүп жаткан «Жоламан» туристтик тейлөө борборунун ээси Жоломан Өмүрканов менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Ж.Өмүркановдун айтымында, ушул жылдын 1-августуна чейин 500дөн ашуун туристти кабыл алышты. Алардын ичинде ар кайсы мамлекеттен келген туристтер бар. Борбордо англис тилин мыкты билген котормочу да кызмат көрсөтөт. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар да жумуш орду менен камсыз болушкан.

Борборго келген конокторго атайын 13 боз үй тигилген. Боз үйлөрдүн ичинде мейманканалардагыдай шарттар түзүлүп, ашкана да бар.

Ишкердин жубайы Замира Жусупова борбордун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

«Өзүбүздө 8 боз үй бар. Калган 5 боз үйдү айына 3 миң сомдон ижарага алабыз. Азыркы убакытка чейин 500дөн ашык кардарды тейлей алдык. Кардарлар үчүн атайын тилмеч бар. Бирок бирөө жетишпегендиктен мен да англис тилин бир аз үйрөнүп алдым.
Атайын гид балдар бар. Алар Соң-Көл жайлоосун кыдыртып келишет. Аларга иштеген саатына жараша эмгек акы төлөнөт.

Келген конокторго ат оюндарын да уюштуруп беребиз. Туристтер бош убактыларында аркан тартыш, кыргыз күрөш, ак чөлмөк сыяктуу улуттук оюндарды акысыз эле ойношот», - деди З.Жусупова.

Ошондой эле, аталган туристтерди тейлөө борборунда атайын от менен жылый турган душ орнотулган. Аба ырайы суук болгон мезгилде туристтер жата турган боз үйлөрго от жагылып жылытылат. Боз үйлөр да VIP жана жөнөкөй класс болуп бөлүнөт.

«VIP класстагы боз үйлөргө 1-2 гана киши жайгашат. Алардын ичи жакшы жасалган. Ал эми жөнөкөй класстагы боз үйлөрдү көбүнчө топ болуп жүргөн адамдар алышат. Бирок экөөнүн тең тейлөө кызматы бирдей эле.

Бир убакта 50 туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар», - деди З.Жусупова.

Жалпы чыгымдардан сырткары жылына жарым миллион сом киреше таба алабыз, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×