Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.08.2015 18:27

Айыл турмушу: 40 жылдан бери сүрөт тарткан Бакай-Атанын Миң-Булак айылынын тургуну О.Атаханов кара өрүк өстүрүп, 30 тоннага чейин түшүм алат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Орозбек Атаханов 40 жылдан бери сүрөт тартуу менен алектенет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

62 жаштагы Орозбек мырза айылда сапаттуу фотоаппарат менен сүрөт тартып, эл оозуна алынган. Ошондой эле, дыйканчылык менен да алектенет. Ал СССР убагында колхоздо, кийин тиричилик буюмдарын чыгарган комбинатта иштеп, учурда ардактуу эс алууда. 2000-жылдан бери 1 га аянтка кара өрүк бактарын тигип, 30 тоннага чейин түшүм алат. Былтыр 20 тонна түшүм алып, 22-35 сомдон саткан.

О.Атахановдун айтымында, түшүм сапаттуу болуусү үчүн жаз алды менен март айында бактарга «Днокс» дарысын чачат. Себеби өткөн жылы түшпөй калган жалбырактарга курт түшөт. Андан соң май айында жаңы жалбыракка «Каратэ-До» деген дары чачат. Ал түшүмдүн мол болуусуна шарт түзөт. Азыркы учурда район боюнча мындай аянттагы бакча О.Атахановдо гана бар. Келечекте кара өрүктү айдоо аянтын дагы көбөйтүүнү пландоодо.

6 баланы тарбиялап чоңойткон багбан жана сүрөтчүнүн үйүндө 1975 жана 1990-жылдардагы фотоаппараттары коллекция иретинде сакталуу турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×