Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 03.08.2015 14:30

Оштун 18 жаштагы тургуну кыздар колдонуучу боюмдарды колго жасайт

Turmush -  Ош шаарынын тургуну 18 жаштагы Нуркыз Абдурашитова бала кезинен эле колдонуудан чыгып калган буюмдардан ар кандай ободокторду жана башка кыздарга тиешелүү буюмдарды жасап келет. Ал бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Бул өнөр ага энесинен өткөн.

«Менин энем да мыкты чебер. Мен 4-класста окуп жүргөнүмдө эле энеме жардам берип, ар кандай оймолорду түшүргөнгө жардам берчүмүн. Кийин бул мен үчүн кесипке айланды. Мен кыркындыларды кураштыруу менен кооз буюмдарды, сумкаларды жасап алам. Бир күнүмдү да буларсыз өткөргүм келбейт. Негизинен фантазия күчтүү болуусу керек. Анткени оюңдагы нерсени жасасаң, кадимкидей изденүү пайда болуп, кызыгып уланта бересиң. Мен интернеттеги нерселерди көчүрүп жасабайм. Аларга окшоштуруп, бирок өзүмдүн фантазиям менен гана иш жасайм»,-деди Н.Абдурашитова.

Ал эми, кээ бир буюмдарды жасоодо колдонулган материалдарды атайын Бишкек шаарынан алдырып келет. Нуркызга келип, үйрөтүүнү өтүнгөндөр да көп. «Мен ободок, фурнитураларды, чынжырчаларды кооздоодо ар кандай таштарды, мончокторду колдоном. Бирок булардын баарын Оштон табуу кыйын. Өзүм Бишкекке барып алып келем. Колдо жасалган буюмдар базардагыга караганда бир аз кымбат болот. Мен ободокторду 200 сомдон 1500 миң сомго чейин сатам. Кыздар келип, кеңеш алып турушат. Мен аларга кантип жасалаарын көргөзүп берем. Издеп келген туруктуу кардарларым да бар», - дейт өнөр ээси.

Жакын досторунун бири Зарина Муктар кызы Нуркыздын мектепте окуган кезинде эле сынактарда дайым алдыңкы орундарды багындырып келгенин айтты. «Биз экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Жаштайынан эле кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу күч эле. Дайыма сынактарга катышып, биринчиликти алчу. Биз аксессуар, сумкаларды Нуркызга жасатып кетебиз. Көйнөктөрүбүздү да кооздоткону келип турабыз», - дейт ал.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×