Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.08.2015 12:58

Айыл турмушу: Бакай-Атанын Кызыл-Сай айылында 26 жаштагы ишкер Э.Сопуев тактай тилүүчү ишкана ачып, коңшу айылдарга да кызмат көрсөтөт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну Эсенкул Сопуев тактай тилип, элге кызмат көрсөтөт.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 2012-жылы Жалал-Абаддан чубалма араа станогун (ленточная пилорама) алып келип, 3 жумушчудан турган ишкана ачкан.

«Учурда тапшырык боюнча теректерди тилип беребиз. Ошондой эле, өзүбүз теректерди сатып алып, курулуш материалдарын даярдайбыз. Каалоочулар даяр материалдарды сатып алышат. Биздин аппарат иштөөгө абдан ыңгайлуу болуп, коңшу айылдардын тургундары да кайрылат. Мында жыгачтан даярдалган курулуш материалдарынын баасы 80 сомдон 1000 сомго чейин бааланууда», - дейт элеттик ишкер.

Белгилей кетсек, Э.Сопуев аталган аппаратты алып келгенге чейин Кызыл-Сай айылында Миң-Булак колхозунан калган бир эле араа станогу болуп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тургундар узак мөөнөт кезек күтүүгө аргасыз болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×