Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баракелде, Бишкек 19.05.2015 11:23

Андан көрө боор ооруса болмок … эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынан сактануунун жолу

Turmush -  Андан көрө боор ооруса болмок … Эмнеге ооруса болмок дейбиз, анткени боор бул адамдын организминдеги нерв учтарысыз жападан жалгыз мүчө болуп эсептелет жана албетте оорубайт. Ошол себептүү боорубуздун ооруганын биз кээ бир учурда өтө кеч билип калабыз... Биздин жалпы абалыбыз, жадагалса маанайыбыз да, боордун жакшы иштешине байланыштуу.

Азыркы учурда социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу айрым мите оорулардын, ал тургай 15 жылдын ичинде унутулуп калган оорулардын, саны өсүүдө. Жугуштуу ылаңдарды дарылай турган жогорку категориялуу дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Калыс Ногойбаева менен курган маегибизде ал эхинококкоз менен альвеококкоз өтө коркунучтуу оорулардын катарына кирерин жана боорго көбүрөөк зыян келтирерин баяндады.

- Калыс Асанбековна, эхинококкоз жана альвеококкоз деген эмне?

- Бул оорулар мите оорулардын катарына киришет. Эхинококкоз майда мал менен иттердин ортосундагы байланыш аркылуу, ал эми альвеококкоз –карышкырлар, түлкүлөр жана майда кемиргичетрдин ортосунда болгон байланыш аркылуу тарайт. Оорунун акыркы кожоюну - ит, ал эми ортомчусу –майда мал болуп эсептелет. Мындай көрүнүш жапайы жаратылышта кездешет, бирок шартка байланыштуу, адамдар да ортомчу кожоюн катары бул процесске аралашып калышты (чабандардын, койчулардын иттери аркылуу).

- Адам ооруну кантип жуктуруп алат?

-Тактап айтканда, адамга ылаң оорулуу кемиргичтерди жеген ит аркылуу жугат. Ылаңдаган ит эхинококк же альвеококк тасма куртунун жумурткачаларын бөлүп чыгарат. Алар ооз көңдөйү аркылуу ашказанга жана канга өтүп, кан менен айланып, бүтүндөй организмге жайылат. Эхинококкоз кистасы а дегенде эле боордо жайгашып, өрчүй баштайт. Адам көп жумурткачаларды жутуп алганда жана алар боор аркылуу өтүп кеткенде бүт организм жабыркайт. Мээ, өпкө, жүрөк, сөөк, ичегилер да дартка чалдыгышы мүмкүн.Башкача айтканда, жумурткача жабышкан жерде суюктук ыйлаакчалары пайда боло баштайт. Алар өтө жай, орточо эсеп менен алганда, жылына бир же эки сантиметрге өсүшөт. Ыйлаакчанын ичинде мителер жайгашкан.

- Дартка чалдыккандан баштап операцияга чейинки оорунун жүрүшү канча убакытка созулушу мүмкүн?

- Көбүн эсе эхинококк кистасы УЗИ же компьютердик диагностиканын жардамы менен текшерүү жүргүзгөндө же качан гана адам боор тараптын ооруганын сезгенде табылат. Эгерде табылган кистанын көлөмү үч-төрт сантиметрди түзсө, адам орточо эсеп менен алганда мындай киста менен үч жыл жашап жүргөн болуп эсептелет, ал эми он-он эки сантиметрлик шишик оорунун алда качан пайда болгондугун айгинелейт.

- Эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын дарылоодо кандай айырмачылыктар бар?

- Эхинококкоз оорусун айыктырса болот. Эгерде дүйнөлүк адабиятка таянсак, балдардын кистасынын көлөмү бир сантиметрге чейин, ал эми чоң кишилердики үч сантиметрге чейин болсо, дары-дармек менен дарылоого уруксат берилет. Бирок көпчүлүк учурда бейтаптар шишиктери чоңоюп кеткенде гана дарыгерлерге кайрылышат. Мындай учурда операция талап кылынат. Операция учурунда кистаны жарып, андагы суюктукту чыгарышат. Андан соң операция жасалган жер тазаланат жана тигилет, шишиктин тканы калтырылат, себеби ал адамга жолтоо болбойт. Ойдогудай жакшы операция жасалган бейтап кыйынчылыкка дуушар болбостон жашоосун уланта алат. Ал эми альвеококкоз жөнүндө айтсак, бул көп камералуу киста ткандын тереңинде жайгашат жана бир органдан экинчи органга, маселен, боордон диафрагмага, кан тамырлага өтүү жөндөмүнө ээ. Кан тамырларды жарып чыккан майда кисталар бөлүнүп чыгып, башка органдарга тарап кетиши мүмкүн. Ошондуктан, альвеококкоз дартына кабылган адамдар хирургдарга эртерээк кайрылуусу зарыл, болбосо кандайдыр бир чара көрүүгө кеч болуп калат.

- Эхинококкоз оорусуна байланыштуу операциялар дайыма эле натыйжалуубу?

-Операция жасалгандан кийин деле, адамдар ошол эле же башка органдарында кайрадан пайда болгон кисталар менен кайрылган учурлар кездешет. Бирок мындай көрүнүш «операция начар жасалгандыктан киста кайрадан өсүп кетиптир» деп калк арасында айтылып жүргөндөй хирургдун жаңылыштыгына эч тиешеси жок. Киши ооруну жугузуп алганда, бир эмес бир нече жумурткачаларды жутуп алат. Алардын ичинен бир киста өсүп жатканда, калгандары «уйкуда болушат». Ал эми негизги чоң кистаны алып жатканда, калган майда кисталар өрчүй баштайт. Экинчи ирет операцияны болтурбоо максатында, 2008-жылы Салматтыкты сактоо министрлиги «Кыргыз Республикасында эхинококкоз жана альвеококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү» жөнүндө №666-буйругун чыгарган. Анда, биздин республикада үлгү катары кабыл алынган, дары-дармек менен дарылоо боюнча эл аралык тажрыйба жөнүндө жазылган. Бул тажрыйбага ылайык, операция жасалган бейтап «Альбендозол» дарысын үч ай ичинде, дем алуу менен, үч курс ичиши керек. Мына ошондо кыймылсыз жаткан бардык жумурткачалар дарынын күчү менен тосмолонот. Мына ошентип, биз бейтаптын кайта кайрылбоосуна шарт түзөбүз.

- Демек, эгерде адам ооруну жугузуп алгандыгынан шектенсе, «Альбендозол» дарысын ичүү эле жетиштүү болобу?

- Жок, дарыгер гана дартты аныктап, дарылоо боюнча кеңешин бере алат. Эгерде УЗИ үч сантиметрден ашык кистаны аныктаса жана оорулуу операцияны болтурбоо максатында дары ичсе, анда ал ооруну өрчүтүп жибериши мүмкүн. Мындай учурда киста ириңдеп кетет же оору кайта кайталанат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) балдар жана чоңдор үчүн дарыларды колдонууну катуу көзөмөлгө алган. Бул биринчиден. Экинчиден, дары-дармектер белгилүү деңгээлге чейин гана дары болуп саналат, ал эми чоң өлчөмдө колдонсо, алар ууга айланышат. Айыл тургундары жаныбарларды айыктырууда колдонуучу «Альбен» дарысын жакшы билишет. Биз адамдар менен сүйлөшүп калган учурда алар: «эч кандай деле коркунуч жок, мен «Альбен» дарысын ичип койсом эле бары жакшы болот», - дешет. Бирок адам баласы менен айыл чарба малдарынын, мисалы, уйдун салмагынын ортосунда айырма бар! Ошондуктан аларга берилүүчү дарынын дозасы да ар башкача болушу керек! Тилекке каршы, адамдар жаныбарлар иче турган «Альбен» дарысын ичип алышып, аягы өкүнүчтүү бүткөн учурлар болгон. «Альбен» адамдар иче турган «Альбендозол» дарысына караганда арзаныраак турат. Көпчүлүк адамдар дарынын аталышы бирдей болсо эле, жаныбарлардын дарысын деле иче берсе болот деп ойлошот. Анан үстүнө, «Альбендозол»- бул дарынын патенттелбеген аталышы, ошондуктан аны ар кандай фирмалар ар түрдүү аттар менен чыгарышат («Зентел», «Зеноком», «Гельмадол»). Дагы бир жолу белгилей кетчү нерсе, «Альбен» дарысы жаныбарлар үчүн чыгарылган, аны адамдар ичкенге болбойт!

- Эмне үчүн түссүз ыйлаакчалар менен жараланган малдын чийки ички органдарын итке берүүгө болбойт?

- Айыл чарба малдарын сойгондо, көбүнчө өпкө-боордон кандайдыр бир киста түрүндөгү шишикти байкоого болот. Адамдар аларды кармалап көрүүдөн корккондуктан итке ыргытышат. Бул жерде айта кетчү нерсе, эхинококктун личинкалары менен жараланган малдын өпкө-боорун кармаганда же жегенде оору адамга жукпайт (бирок аларды адам жебейт да). Ал тургай, чийки өпкө-боордун бир тилимин жеп алган учурда да адам оорубайт, - бул жаратылыштагы мыйзам ченемдүүлүк. Гельминттин личинкасы а дегенде иттин ичегисине түшүш керек. Мына ошондон кийин гана ал өз жашоосун улантып чоң мите куртка айланат. Иттин ичегилеринде жайгашкан чоң курттар гана көп сандагы жумурткачаларды бөлуп чыгара алышат. Адамдар жана малдар бул курттарды жутуп алганда гана ооруга чалдыгышат. Ошондуктан иттер гана адамдарга эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын жугузушат. Бул оорулар адамдан-адамга да жукпайт.

- Жараланган органдарды утилдөөнунн кандай жолдору бар?

- Эгерде жер там үйдө даараткана бар болсо, аларды жөн гана ал жерге ыргытып салуу керек. Же болбосо кайнатып же кууругандан кийин итке берсе болот –жогорку температурада мителер өлүп калышат.

- Жайлоодо жана талаа-түздө жашаган чабандар жана фермерлер иттерин кайсы жерде байлоосу зарыл? Оорунун алдын алуу үчүн кандай чараларды сунуштай аласыз?

- Жылына төрт жолу иттерге празиквантел дарысын берүү керек. Бул дары чоң мите курттарды өлтүрөт, бирок жумурткачалардын баарын жогото албайт. Празиквантел ичегинин жыйрылышын күчөтөт. Ичи ооруган ит чабалактай баштайт. Эгерде ооруган ит буга чейин бир эле бурчка барып заңдаса, дары ичкенден кийин короодо ары-бери чуркай баштайт да, ошону менен бирге эле заңы менен кошо эхинококкоз жумурткачаларын сыртка чыгара баштайт. Ошол себептүү иттин кожоюну дегельминтизациялоодон кийин итин үч сутка бою байлоосу зарыл. Итти заңдап бүткөндөн кийин жууп, заңдарын жугушсуздандырып жана утилдөө шарт.

- Ооруга чалдыгуунун статистика кандай?

- Эгерде мурда бизде альвеококкоз оорусу таптакыр жок болсо, тилекке каршы, 2000-жылдан баштап жүзгө жакын балдар жана чоң кишилер ооруга чалдыккан. Жыл сайын миңден ашык ашык кишиге операция жасалат.

- Ар бир адам оорунун алдын алуу үчүн кандай чараларды колдонсо шартка ылайык?

- Тамак ичердин алдында сөзсүз түрдө колду жууш керек. Чогултулган түшүмдү муздак суунун шарына кармап жууп, кайнак суу менен чайкоо керек. Иттерди кармоонун тиешелүү эрежелерин сактоосу зарыл. Иттер кемиргичтерди же чычкандарды жебеши үчүн байлап коюу талап кылынат. Мите курттардын жумурткачалары абдан чыдамкай келет жана калың катмарга ээ. Алар кыш мезилине да туруштук бере алышат.

- Куруп берген маегиңизге ыракмат. Сизге жана сиздин бейтаптарыӊызга ден-соолук каалайм!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×