Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусу, Шопоков 08.03.2019 10:35

Аялдардын демонстрациясы, полициянын сабашы, тең укуктуулук... 8-март — Айымдардын эл аралык майрамынын тарыхы

Turmush -  Turmush.kg басылмасынын жамааты бүтүндөй аялзатынын улуулугун даңазалаган 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен жалпы айымдарды куттуктайт.

Аялзатынын тарыхта басып өткөн татаал жолу, турмуштагы орду дагы терең урматталууга тийиш. Сиздердин аялзат катары да, эне катары да көргөн камкордугуңуздар үчүн бүтүндөй адам баласы карыздар. Жашоонун жарыгы, үйдүн куту, очок ээси болуу менен жаз күнүндөй жаркырап, ар дайым эсенчиликте жүрүшүңүздөргө тилектешпиз.

Кадырман энелер, ардактуу эжелер, сиңдилер, карындаштар сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз. Аруу тилектериңиздер орундалып, сиздер үчүн жаратылган бардык бактылуулуктарга жетиңиздер.

1

8-марттын тарыхы: Аялдардын тең укуктуулук үчүн көтөрүлүшүнөн чыккан майрам

19-кылымдарда АКШдагы жумушчу аялдар завод-фабрикаларда, өндүрүштө күнүгө 16 сааттан иштешкен. Алар эркектер сыяктуу күнүнө 10 сааттан гана иштөөнү эңсешкен. Бирок алардын оюн эч ким уккан эмес. 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорктогу бут кийим тигүүчү фабрикада иштеген аялдар демонстрацияга чыгып, күнүмдүк жумуш 10 саат болушун, эмгек акыны көбөйтүүнү, эркектер менен тең укуктуу болууну талап кылышкан. Бирок алардын оюн эч ким укпастан, укук коргоо кызматкерлери органдары кууп, күч колдонуп таратышат. Анткен менен ызы-чуулу бул күн эсте калып, 8-март Аялдар күнү деп айтыла баштайт. Мына ушул күндөн кийин аялдардын уюму түзүлүп, алар шайлоого укук алууну талап кыла башташкан.

1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде кайрадан миңдеген аялдар Нью-Йорктун көчөлөрүнө өз укуктарын коргоп демонстрацияга чыгышат. Полиция кызматкерлери алардын аял экенине карабай ылай аралаш суу чачып, күч менен тараткан. 1910-жылы социалисттер жана феминисттер Даниянын Копенгаген шаарында экинчи эл аралык конференция өткөрүшөт. Конференцияда Клара Цеткин 8-мартты аялдардын эл аралык майрамы деп белгилөөнү сунуштап, ага катышкан аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган. Бул чакырыкты 17 өлкөдөн топтолгон 100дөн ашуун аялдар колдошкон. Анткен менен Аялдар күнүн Европада 1911-жылдын 19-мартында белгилесе, Германия, Австрия, Дания жана башка өлкөлөрдө 8-мартта белгиленген. 1914-жылдан баштап 8-март бүт Европада белгилене баштайт. Ал эми Россияда Аялдар күнү алгач Санкт-Петербургда 1913-жылдан баштап белгиленген. Россияда социалисттик революция жеңгенден кийин Аялдардын күнү саясий акциялар күнү болуудан калып, митингдер жана салтанаттуу жыйындар акырындык менен үйдөгү, иштеги уюшма отуруштарга айлана баштайт. Мурда 8-мартты аялдардын укуктарын коргоо күнү катары түшүнүшсө акырындык менен аялдардын өзүн сыйлоо күнү катары түшүнүккө ээ болду.


1

(Клара Цеткин)

Кыргызстанда болсо алгачкы жолу 1918-жылы Пишпек уездик шаардык комитетинин аракети менен «Трудовая женщина» союзу түптөлөт. Андан соң 1920-1921-жылдары Пишпек, Каракол, Ош, Беловодск партиялык уездик-шаардык жана волосттук комитеттеринде аялдар комитеттери түзүлгөн. 1925-жылы 5-мартта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун дыйкан-батрак аялдарынын 1-съезди өтүп, ага 105 делегат катышкан. Анын 85и кыргыз аялдары болгон. Бул съездде эл аралык 8-март майрамын белгилөө, аялдардын укуктук абалы, алардын билими, кыз-келиндердин советтик курулушка катышуусу, кыздарды комсомолдук, пионердик отряддарга тартуу, сабатсыздыкты жойгон Ликбездерди, Кызыл үйлөрдү, ФАПтарды ачуу, «Кошчу» союзуна аялдарды катыштыруу сыяктуу маселелер көтөрүлгөн. Ошентип 1925-жылдан тарта кыргыз коомчулугунда 8-мартка көңүл бурула баштаган.

СССРде 8-март 1965-жылдан тартып эс алуу күнү катары эсептеле баштаган. Анын кызыл күн болуп калуу тарыхы кызык. 1965-жылы Улуу жеңиштин 20 жылдыгына карата өлкөнүн жетекчиси Леонид Брежнев доклад жасамак болот. Докладдын долбоорун жаза турган В.Александровго советтик аялдардын фронттогу жана ооруктагы эрдигин даңазалаган бөлүгүн жазуу тапшырылат. Александров жазып келсе, Кремлдегилер улам-улам «күчөтүп жазууну» тапшыра берип, 10 вариант жазылат. Баары жарабай, кыжаалат болуп үйүнө келсе, аялы «сенин партияң кооз сөздөрдү айтканды коюп, аялдар майрамын бир күнгө эс алуу күнү кылып койбойбу» дейт. В.Александров эртеси келип, идеяны Брежневдин жардамчысы Голиковго айтат. Ал Брежневге айтса, ал колдоого алат. Л.Брежнев бул демилгени президиумда көтөрүп чыгып, 8-март эс алуу күнү болуп жарыяланган. 8-март майрамын мурда СССР курамында болгон көпчүлүк республикалар азыр да майрамдашат. Россия, Грузия, Молдова, Азербайжан, Украина, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан 8-мартты аялдардын Эл аралык күнү катары белгилешет. Армяндар 8-март менен удаа 7-апрелди Энелер жана сулуулук күнү катары майрамдайт. Литвада дагы бул күн майрам күндөрдүн катарын толуктайт.

8-март европалык өлкөлөрдүн ичинде СССРде гана далайга чейин мамлекеттик майрам болуп келди. 1977-жылы гана БУУнун атайын резолюциясы менен 8-март – Аялдардын эл аралык күнү катары расмий кабыл алынган. Ошондон тарта Кытай, Түндүк Корея, Ангола, Конго, Моңголия, Лаос, Македония жана башка өлкөлөрдө бул күн майрам катары жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×