Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.08.2014 09:41

КР эл артисти Токон Эшпаев акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Узак оорудан кийин 2-августта кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын эл артисти Токон Эшпаев кечээ, 3-августта Ош шаарындагы улуттук драма театрында акыркы сапарга узатылды.

Токон Эшпаев 1950-жылдын 21-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Керме-Тоо айылында туулган.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин 1971-жылы аяктаган жүздөн ашуун обондуу ырлардын автору, улуу талант Т.Эшпаев Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук ички иштер башкармалыгында инструктор, Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын директору болуп эмгектенген.

Сыйлыктары:

- 1976-жылы Кыргыз ССР Жогорку советинин ардак грамотасы;

- 1977-жылы Советтер союузунун баатыры, СССРдин Эл артисти Нежданова атындагы сыйлыктын лауреаты;

- 1992-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти;

- 2011-жылы КРнын Эл артисти наамына татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×