Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 23.01.2014 10:16

Өткөн жылы Нарында табигый кырсыктар 67 млн 786,6 миң сомдук чыгымга учуратты

Turmush -  Нарын облусунда өткөн жылы 17 өзгөчө кырдаал катталып, облус 67 млн 786,6 миң сомдук материалдык чыгымга кириптер болгон.

Аймактык кабарчы Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыктын маалыматына таянып билдиргендей, өткөн жылдын 30-мартында Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында жер көчкү болуп, шаарчага келген бир нече зым тиректер көчкү алдында калган. Ал эми, 9-май күнү болгон катуу шамал Нарын, Ат-Башы райондорунун, Нарын шаарынын

айрым имараттарынын чатырларын учуруп кеткен. Жай саратаны жакындаган маалда же болбосо 17-18-июнь күндөрү облус аймагына калың кар жаап, төрт түлүк малды чыгашага учураткан.

«Нарын облусу боюнча 2012-жылы дагы 17 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген зыян 143 млн 208 миң сомду түзгөн. Ал эми, 2013-жылы чыгымдын аз болгондугу, биринчиден аба ырайына байланыштуу болсо, экинчиден алдын алуу иштердин жакшы жүргүзүлгөндүгү негизги жагдай болду», - деп билдирди башкармалыктын жетекчиси Токтобек Шоңкоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×