Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.06.2014 18:06

Кытайлык кыргыз ырчысы Дүйшөкан Сейит кызына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды

Turmush -  Кытайлык кыргыздардын арасындагы өнөрү менен оозго алынып, сахна төрүнүн төө көтөргүс түйшүгүн тартып келе жаткан таланттуу ырчылардын бири Дүйшөкан Сейит кызы жакында Бишкек шаарында чыгармачылык концертин тартуулаганда, ага Жогорку Кеңеш депутаттарынын бир тобу чакырылган.

Алардын бири ЖК вице-спикери Бөдөш Мамырова бүгүн, 13-июнда Дүйшөкан Сейит кызын кабыл алды, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушууда улуттар арасындагы мамилени чыңдап, чет мамлекетте кыргыз маданиятынын кулач жайышына жан үрөп, мээнет кылган чыгармачыл өкүл катары Дүйшөкан Сейит кызына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды.

Кытайдагы Кызыл-Суу автономиялуу областынын маарекелик иш- чарасына карата Дүйшөкан Сейит кызын «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына көрсөтүү демилгеси да көтөрүлүп жаткандыгын вице-спикер Б.Мамырова өз сөзүндө белгиледи.

Сыйлык ээси Дүйшөкан Сейит кызы «Парламент» радосунун түз эфиринде болуп, чыгармачылыктын чыйырында жаратып жаткан ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Буга чейин 2011-жылы Роза Отубаева Президент кезинде «Данакер» ордени менен сыйлагандыгын, эми минтип Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына татыктуу болуп олтургандыгын айткан ырчы,- мындай сый мамиле менин чыгармачылыгыма шык берип, ошол эле мезгилде жоопкерчилигимди дагы күчөтөт,- дейт.

Эске салсак, Дүйшөкан Сейит кызынын өмүрлүк жубайы Мамбетжума Мамбетакун мырза да чыгармачылыктын тизгинин жубайы менен бирге тартып, ага өйдөдө – өбөк, ылдыйда жөлөк болгон чыгаан композитор. Анын «Айчүрөктүн түшү» аттуу «Манас» эпосуна ылайыктап жазган обондуу кайрыктары Дүйшөкан Сейит кызынын Кыргызстанда өткөн концертинин жаңылыгы болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×