Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.01.2014 10:04

Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 83 жаштагы адам каза болду

Turmush -  Каракол шаарынын Ленин көчөсү - 24 дарегинде жайгашкан үйдө өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Өрттүн натыйжасында түтүнгө ууланган 1931-жылы туулган, үй ээси Арнаутов Николай Ивановичтин сөөгү табылган.

Бөлмөдө керебет, төшөнчүлөр, кийим кечелер, 2 чарчы метр жыгач полу, килем, палас күйгөн.

Себеби - тамеки тартуудагы этиятсыздык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×