Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 24.04.2014 09:20

Элчи жана илимпоз катары эки өлкөнүн илимдер академияларынын ортосундагы илимий карым-катнашты түзгөнгө аракет жасайм, - Сербиянын КРдагы элчиси

Turmush -  Кечээ, 23-апрелде КРнын Улуттук илимдер академиясына Кыргызстандагы Сербия республикасынын элчиси Славенко Терзич келди. Элчи бул келишинде КР УИАнын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев менен жолугушуп, эки мамлекеттин илим жаатына тийиштүү маселелерди талкуулашты.

«Мен илимдер академиясынын бүгүнкү күндөгү абалын жакындан билем», - деген Терзич илим менен маданият мамлекеттин негиздеринин бири деп эсептерин айтты.

«Келечекти эсепке алаарда сөзсүз илимдин, маданияттын жана саламаттыкты сактоонун абалын эске алыш керек. Ошондуктан мен сиздердин элиңиздерде элчи болгондугума абдан сыймыктанам. Мен элчи жана илимпоз катары биздин илимдер академиясы менен сиздердин илимдер академиясынын ортосундагы илимий карым-катнашты түзгөнгө аракет жасайм» – деди ал.

Жолугушуу учурунда КР УИАнын тарых институтунун директору, мүчө-корреспондент Жеңиш Жунушалиев, элчинин кызыгуусун туудурган кыргыз элинин тарыхы, институттун окумуштуулары чыгарган китептер жөнүндө учкай маалымат берип кетти.

Өз кезегинде КР УИАнын вице-президенти, академик А.Акматалиев, келген элчиге ыраазычылык билдирүү менен, «Биздин илимдер академиясы дүйнө жүзүнө атагы чыккан жазуучубуз Ч.Айтматовго арналган энциклопедия түзүп жатышат. Ошого байланыштуу ЧАйтматовдун чыгармачылыгына тийиштүү маалыматтарды жыюу максатында кат даярдадык. Ушул ишке сиздерди да көмөктөшүүңүздү өтүнөбүз» – деди.

Маалымкат:

Славенко Терзич 1974-жылдан бери Серб илим жана искусство академиясынын тарых Институтунда кызматкер болуп иштеген. 1987-жылдан 2002-жылга чейин Серб илим жана искусство академиясынын тарых Институтунун директору кызматын аркалаган. Балканда цивилизациялар Жолугушуусу долбоорунун алкагында жыл сайын өтүүчү эл аралык илимий конференциялардын (сегиз) серияларын уюштуруу боюнча эл аралык илимий комитеттин төрагасы болгон.

Учурда Серб илим жана искусство академиясынын эки илимий комитетинде мүчө: Сербиянын XIX кылымдагы тарыхы жана Косово менен Метохияны изилдөө боюнча Ведомство аралык комиссиянын мүчөсү. Россиялык окумуштуулар менен кызматташуу боюнча САНИ тарых илимдеринин Комиссиясынын секретары. Страсбургда жарыяланып турган Revue d' Europe Centrale журналынын эл аралык редколлегиясынын мүчөсү болгон. 2001-жылдан 2005-жылга чейин Сербиядагы абройлуу жетектөөчү маданий мекеме болуп эсептелген Серб адабий коомунун төрагасы кызматын ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×