Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 22.01.2014 18:56

Ош шаарында мыйзамсыз Макаров тапанчасын сактап жүргөн жигит кармалды

Turmush -  Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган Алишер аттуу жигиттин Ош шаарынын Некрасов көчөсүндөгү үйүн тинтүүгө алышканда, аталган үйдүн жер төлөсүнөн ак түстөгү целлофан баштыкка оролгон Макаров үлүгүсүндөгү, номери атайлап өчүрүлгөн тапанча жана анын 7 даана огу табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Алишердин мурда Кылмыш-жаза кодексинин 168 жана 105-беренелери боюнча соттолгону аныкталган. Учурда жогорудагы факты боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×