Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баракелде, Бишкек 03.02.2014 16:19

Бабур атындагы Ош театры республиканын мыкты театры аталды

Turmush -  Республикадагы ири искусство мекемелеринин бири болгон Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры Маданият, маалымат, туризм министрлиги тарабынан республиканын профессионалдык көркөм өнөрүндө 2013-жылдын жетишкен чыгармачылык ийгиликтери үчүн «Жылдын эң мыкты теарт оюн зоок мекемеси» диполому менен сыйланды. Бул туурасында театр кызматкери Лутфулло Рахманов билдирди.

Министрлик тарабынан берилген бул диплом чыгармачылык жамааттын эмгеги, деп белгилейт сөзүндө эл артисти, «Руханият» эл аралык сыйлыгынын ээси, тератрдын директору Бахтияржан Тухтаматов.

«Биздин чыгармачылык жамааттын мындай сыйлыкка ээ болгондугу биз үчүн чоң сыймык. Бул диплом ар бир жумушчунун ак эмгеги», - деп белгилейт ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, ушул жылда 4 спектакль көрсөтүлүшү иш планга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×