Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2014 17:36

Камакта отургандар менен абакта майрамдашкан милиция кызматкерлери жумуштан алынды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал РИИБинде камакта жаткандар менен майрамдаган 2 милиция кызматкери кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Нарын ИИБнен маалымдашты, деп кабарлады «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Маалыматка таянсак, аталган эки тартип сакчысы Жумгал РИИБинде камакта шектелип отурган милиция кызматкерлери менен бирдикте майрамдашкан кадрлары жергиликтүү маалымат булактарына жарыяланган.

Кара-Кече аймагында каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектелип, камакка алынган Рустам Токтогулов жана Жоомарт Сыдыков менен Нарын облусунун Жумгал РИИБинин эки кызматкери мас абалында кармоочу жайдан сүрөткө түшүшкөн.

ИИБдин маалыматына ылайык, сүрөттөр ЖМКга чыгып кеткенден кийин ИИБдин өздүк коопсуздук кызматкерлери келип, сүрөткө түшкөн милиция кызматкерлерин кармаган. Алар милициянын аймактык тескөөчүсү Жоомарт Чолпонкулов менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчү Улан Эркинов экени аныкталды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аталган милиция кызматкерлери дискредитацияланып, эми мындан ары күч түзүмдөрүнө жумушка орношо алышпай турганы айтылган.

Андан сырткары милиция кызматкерлерин камакка алгандардын камерасына кирүүгө уруксат бергендерди да аныктоо иштери учурда улантылып жатканы маалыматта айтылган,

1 

3 

2

Тема боюнча: Кара-Кечеден каза болгон Айбектин өлүмүнө шектелген тартип сакчылары камакта отуруп майрамдашкан кадрлары

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×