Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.02.2012 09:15

Ноокенде 15 Социалисттик эмгектин баатыры бар

Turmush -  Ноокен районунан чыккан Социалисттик эмгектин баатырларынын ысымдары азыркы күндө да урпактарынын эстеринде, дейт 90 жаштагы ардагер Сатымкул Садыков аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго.

С.Садыковдун айтымында, кезинде Ноокен районунун аймагы ак булачылардын өрөөнү деп аталчу. Анткени, райондо пахта көп өстүрүлгөн. Айыл-чарба тармагында түшүмдүүлүк жыл сайын артып, эмгегинен баар тапкан алдыңкы инсандар да арбын чыккан. Ноокен районунун аймагынан эле бешене тери менен алкоого арзып Социалисттик эмгектин баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон инсандардын саны 15ке жеткен.

Ал пахтачылар: Матай Абдраимов, Калдар Мамасалиев, чарбанын раиси Эшенкул Жусупов, бригадир Абдылажан Казаков, чарбанын раиси Өскөнбай Каипов, кызматкер Кадырмат Султанов, аткаруу комитетинин төрагасы Кушназар Юнусалиев, белгилүү пахтачы Саадат Ногоева, бригадир Сдаюсаренко Петр, пахтачы Камал Султанов, бригадир Маткалык Акмадалиев, чарбанын төрагасы Юсуп Момбеков, дарыгер Шамшы Суеркулов, пахтачы Малик Акчабаев, пахтачы Жоро Шералиевдин ысымдары кыргыз журтчулугуна жакшы маалым.

«Алар ынсап менен иштеп жүрүшүп элдин кадырлоосуна ээ болушкан», - дейт С.Садыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×