Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуСокулук району 22.01.2014 12:04

Сокулукта топтук зордуктоого шектелген кылмышкерлер кармалды

Turmush -  Сокулук РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү Чүй ОИИБдин кызматкерлери менен бирдикте топтук зордуктоого шектелген кылмышкерлерди кармашты.

Бүгүн, 22-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну 18-январь түнү чала тааныш үч адам аны алдоо жолу алардын биринин үйүнө алып барышып, күч колдонуп зордуктаганы тууралуу арыз менен кайрылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде, изи сууй электе кылмышка шектүүлөр — Ош шаарынын 54 жаштагы жашоочулары А.А., 24 жаштагы Т.Ч. жана 33 жаштагы айыл тургуну У.А. кармалышты.

Учурда бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык жана башка бир катар экспертизалар дайындалды. Жүргүзүлгөн экспертизаларга ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен иш козгоо тууралуу маселе чечилет.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камалды, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×