Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.08.2015 10:33

Айыл турмушу: Бакай-Атанын 26 жаштагы тургуну араа станогун иштетүү менен жергиликтүүлөрдүн ишин жеңилдетүүдө (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну Эсенкул Сопуев тал-теректен курулуш каражаттарын тилип чыгаруучу ишкана иштетип киреше табууда.

Ошол эле учурда бул устакана жергиликтүүлөрдүн курулуш иштерин жеңилдетүүдө, деп билдирет ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Э.Сопуев 2012-жылы Жалал-Абад шаарынан чубалма араа станогун (ленточная пилорама) сатып келген. Учурда анын кызматынан кызыл-сайлыктардан тышкары кошуна айылдыктар да пайдаланышат.

«Буга чейин бизге Миң-Булак айылындагы колхоздон калган эски араа станок кызмат көтсөтчү. Ага кезек көп болгондуктан бир топ убактыбыз текке кетчү. Азыр 2 тарапка алып барып курулуш иштери тез бүтүүдө», - дешет жергиликтүүлөр.

«Биздин ишканада 3 киши эмгектенет. Шаймандарыбыз иштөөгө ыңгайлуу болгондуктан элдин алып келген теректерин тез арада тилип берип, жөнөтүп турабыз», - деди Э.Сопуев.

Ал маалымдагандай, ишканадан тургундар даяр тактаны да алып кетсе болот. Себеби, алар терек сатып алып андан курулуш каражаттарын даярдап чыгарышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×